Кыргызстанда коронавирустан дагы эки киши каза болду. Алардын бири дарыгер

2 мая 2020 15:37 1055 Barometr
Поделиться в:
ok

2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, бейтаптардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А. 1962-ж.т., экинчи бейтап 1951-ж.т. Жалал-Абад облусунун тургуну.

Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздиги.

Республика боюнча жалпы 10 адам коронавирустан каза тапты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-dagy-eki-kishi-kaza-boldu-alardyn-biri-daryger



Добавить комментарий