Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 16га жетти

23 марта 2020 18:16 1387 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 16га жетти. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эки киши Ноокат районунун тургундары. Алар 13-мартта кичи ажылыктан келген. Учурда алар инфекциялык ооруканага жаткырылып, тийиштүү дарылоо иштери жүрүп жатат.

Акматова коронавирус аныкталган жарандардын бардыгы Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгендер экенин кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстан боюнча коронавирус жуккан 14 учур катталганы айтылган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkandardyn-sany-16ga-zhetti



Добавить комментарий