Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандар азайды
Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Эске салсак, коронавирус учурунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эки медициналык мекеме бекитилген: Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана улуттук онкология жана гематология борбору.
Аталган мекемелерди көзөмөлдөө учурунда, 2020-жылдын 8-июлунан тартып коронавирус илдетине чалдыккан баардыгы – 1 116 адам дарыланууга келген. Алардын ичинен - 1079 айыгып кетсе, 37 – каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-ildeti-azajdy
Добавить комментарий ×