Кыргызстанда кол чатыр кармай албаган дагы бир аткаминерди сынга алып жатышат

12 июня 2019 11:23 1260 Barometr
Поделиться в:
ok

Facebook социалдык түйүнүндө Улуттук энергохолдингдин жаңы дайындалган башчысы Айтмамат Назаровду “өзү кол чатыр кармай албай калыптыр” деп сынга алышууда.  

“Силердин алдыңарда Энергохолдингдин жаңы башчысы Айтмамат Назаров, ал болгону 47 жашка чыкканына карабай  “тоюп алган аткаминер синдрому” менен жабыркап жатат.Ал анын кызматы, балким тишин тазалатууга, ботинкасынын боосун байлоого кызматчы жалдоого мүмкүндүк берет деп ойлоп жатат.Байлардын эмне ойлорун ким билет”,-деп жазышты социалдык түйүндүн колдонуучулары.

Фотону Караколдо “2019-жыл- бөлүштүрүүчү түйүндүн эң мыкты бригадасы” аттуу мелдеш ачылганда тартышкан.

Ошол эле маалда “КРнын Улуттук энергетикалык түйүндөрү” ачык акционердик коомунун жана Бишкек жылуулук түйүндөрүнүн жетекчилиги жамгыр алдында кол чатырсыз турушат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kol-chatyr-karmaj-albagan-dagy-bir-atkaminerdi-synga-alyp-zhatyshat



Добавить комментарий