Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандап жатат

2 мая 2020 14:37 1861 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү майлоочу майдын баасы - бензин 6,5%га, дизель 9%га төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттигинин директору Шухрат Сабиров маалымат жыйында билдирди.

Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна күйүүчү майдын баасынын түшүшүнө жана мунайдын биржаларда котировкаларынын төмөндөшүнө байланыштуу Кыргызстандын нефтетрейдерлерине тийиштүү сунуштар жөнөтүлгөн.

Эске салсак, дүйнөдө нефтинин баасы бир кыйла арзандап, ал көптөгөн мамлекеттердин экономикасына таасирин берип жатат. Нефтинин баасы түшүп кеткендиктен доллардын наркы көтөрүлгөн. Бул өз кезегинде улуттук валюталардын дагы арзандашын шарттап жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kjch-majdyn-baasy-arzandap-zhatat



Добавить комментарий