Кыргызстанда канаттуулардын 397 түрү бар. Өлкөнүн орнитологиялык коому канаттуулардын эл аралык күнүн белгиледи
«KG Орнитологиялык коому» (OSKG) коомдук бирикмеси кыргызстандыктарды 1-апрель – Канаттуулардын эл аралык күнү менен куттуктап, ар бир адам жана жалпы планета үчүн куштардын маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Планетадагы бардык адамдар туш болгон оор күндөрү куштар, жаздын белгиси, жаратылыштын жаңы циклинин башаты катары маанайыбызды көтөрүүдө. Куштарга үйдүн терезесинен, короодөн жана бакчадан байкоо салса болот жана керек. Дүйнөдөгү бердвотчерлердин басымдуу бөлүгү үйүнөн узабай эле, дүрбүдөн карап, сүрөткө тартып, үнүн жаздырып, куштарга байкоо жана санак жүргүзгөн адамдар. Дүйнөнүн булуң-бурчунан топтолгон илимий орнитологиялык материалдардын олуттуу бөлүгүн дал ушул үйрөнчүк-бердвотчерлер топтойт. Куштарга байкоо жүргүзүп, маалыматтарды жарыялап, дүйнөдөгү миллиондогон бердвотчерлер орнитологияга салымын кошууда.
Кыргызстанда канаттуулардын 397 түрү бар, алардын көбүн OSKG бердвотчерлери жана өлкөнүн меймандары сүрөткө тарта алышкан. OSKG Кыргызстандагы канаттууларды изилдөө менен алектенген бердвотчерлердин коомдук бирикмеси 2020-жылдын 15-мартында негизделген. OSKG көздөгөн максаттарынын бири – жигердүү бердвотчерлер үчүн социалдык курама пункт катары канаттуулар жөнүндө, куштардын мезгилдик миграциялары, уялоосу боюнча маалыматтарды чогултуп, тизмектеп жайылтуу, ошондой эле бирикменин мүчөлөрү үчүн иш-чараларды уюштуруу.
«Куштардын турмушунан кызыктуу сюжеттерди издеп, өлкөбүздү кыдырып жүрүп, кичинекей канаттуулардын чоң көйгөйлөрүн көрдүм. Канаттууларга адамдын иш-аракети кандай таасир тийгизерин көргөн сайын жүрөк ооруйт. Өрттөн канаттуулардын уясын балапандары менен кошо жок кылууда, адамдардын караңгылыгы канаттуулардын кырылуусуна алып келүүдө, ал эми чарба иштери куш-канаттууларды жашоосуна бүлүк салууда. Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген куштарга өзгөчө тынчсызданам. Күнүмдүк тиричилигибиздин айынан куштар жок болбошу үчүн колдон келгендин баарын жасоого тийишпиз. Адамдар менен канаттуулар гармонияда жашаган күн да келерине үмүт артам”, - деп OSKG уюмунун негиздеген жети кишинин бири Ирина Романовская билдирди.
«Биздин уюмдун атынан бардык кыргызстандыктарга дүйнө жүзүндөгү адамдардын башына түшкөн оор сыноодон татыктуу өтүп кетишин, бекем ден соолук жана канаттуулар менен кызыктуу жолугушууларды каалайм. Куштарга үйдөн чыкпай эле байкоо салып, сүрөткө тарта берсе болот. Болгону, терезенин аркы жагын байкап көрүңүз. Өзгөчө азыр, карантин маалында куштарды карап, байкоо жүргүзгүлө деп кеңеш берем», - деди «KG Орнитологиялык коому» (OSKG) коомдук бирикмесинин төрайымы Нуржан Алымканова.
«KG Орнитологиялык коому» (OSKG) коомдук бирикмесин беш өлкө – Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Дания жана Улуу Британиялык орнитолог жана бердвотчерлер куштарга байкоо жүргүзүүнү, канаттууларды изилдөө жана аларды жакшы көрүүнү жайылтуу максатында түзүлгөн. Ачык коом болгондуктан ага билим деңгээлине карабастан табиятты сүйгөн ар бир адам мүчө боло алат. Бир гана негизги талап – жаратылышка кызыгуу жана аны сүйө билүү.
Добавить комментарий ×