Кыргызстанда кайрадан күн ысып, абанын температурасы +40 градус болот

22 июля 2019 16:18 4412 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кайрадан жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Кыргызгидромет кызматы маалымдады.

Аталган маалыматка таянсак, 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлөт. Ага ылайык, 27-29-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жогорулайт.

23-24-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

24-июлда күндүз жана 25-июлда Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-июлдарда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

28-29-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kajradan-kn-ysyp-abanyn-temperaturasy-40-gradus-bolot



Добавить комментарий