Кыргызстанда сегиз айда 6 миң кытайлыктарга иштөө уруксаты берилген

22 августа 2019 10:38 2598 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын аймагында ишмердик жүргүзүү үчүн уруксаттын 81 өлкөнүн ичинен көпчүлүгү Кытайдын жарандарына берилген. Бул тууралуу миграция кызматы маалымат берди.

2019-жылдын башынан тартып, алардын ичинен, КЭР жарандарына – 76,6% же 6 миң 711 адам, Турция Республикасынын жарандарына – 6,7% же 588 адам, Корея Республикасынын жарандарына – 2,7% же 238 адам, Пакистандын жарандарына – 2.1% же 186 адам, АКШ жарандарына – 1,3% же 113 адам, Индиянын жана Өзбекстандын жарандарына – 1,2% же 104 жана 101 адам.

Бишкекте жана Чүй облусунда иштөөгө 515 чет өлкөлүк жаранга, түштүк региондо – 141 жаранга уруксат берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-isht-uruksatty-kytajlyktarga-kp-berilgen



Добавить комментарий