Кыргызстанда эң төмөнкү айлык акы 1200 сом болсо, эң төмөнкү пенсия 1000 сомду түзөт

31 октября 2018 13:00 988 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда эң төмөнкү айлык акы 1200 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды. Анда депутат Экмат Байбакпаев Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдиновдон "Өлкөдө эң төмөнкү айлык акы канча?- деп сурады. Буга Эсен Нурдинов 6000 миң сомдун тегереги деди. Депутат мындай маалыматты кайдан алганын айткан жок. Бирок соцфонддун төрагасынын орун басарынын берген маалыматына макул болгон жок. Өлкөдө 1200 сом айлык алып жашагандар бар. Мындай акчаны бир күндө тапса болот деди. 

Ал эми Нурдиновдун маалыматы боюнча эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 1000 сом болот. 

Учурда Жогорку Кенеште "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жана башка маселелер талкуулнып жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-e-tmnk-ajlyk-aky-1200-som-bolso-e-tmnk-pensiya-1000-somdu-tzt



Добавить комментарий