Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 113 адам жумушка алынды

11 ноября 2020 10:27 700 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жылдын үчүнчү кварталында жумушка орношууга арыз берген 406 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын ичинен 113 адам жумушка орношкон. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

73 жумушсуз ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам кесиптик билим алууга жана 137 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлгөн.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-октябрына карата министрликтин облустук жана шаардык иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрүндө 652 ДМЧА катталган, алардын 315 аялдар. 

Арыз берген бардык ден-соолгунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын психологиялык, физиологиялык жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн консультация алышат жана сурамжылоо өткөрүлөт, анткени көптөгөн бош кесиптердин айрым медициналык каршылыктары бар. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-den-soolugunun-mmknchlg-chektel-113-adam-zhumushka-ornoshkon



Добавить комментарий