Кубат Исаев: Кыргызстанда дарыгерлердин абалы жан кейитерлик, митингден жыйынтык жок
Кыргызстанда дарыгерлердин жашоосун жакшыртуу боюча өзүнүн демилгелери менен белгилүү Кубат Исаев barometr.kg сайтына 21-майда Ак үйдүн алдында өткөн дарыгерлердин митингинин жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Ал «KG ВРАЧИ-сообщество работников здравоохранения» тобунун администратору болуп саналат.
Кубат Исаевдин айтымында митингде дарыгерлер Саламаттыкты сактоо министрлигин жаңы тартиптеринен улам төмөндөгөн айлык маяналарын жогорулатууну талап кылды. Медицина кызмаркерлери жогорку айлык акы 2 ай гана берилген. Андан кийин соцфонддун төлөмдөрү унутуп калганы айтылып, кайра кыскартылган. Ошондой эле медицина кызматкерлери медициналык кызматтары үчүн төлөмдөрүн алган эмес. Анткен менен Саламаттыкты сактоо министринин жана ФОМСтин башкы директору жол тандабас алган. Реформалар №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 90 миң тургунду жана жаңы конуштардын элин тейлөөгө алып келди. Ошондой эле дарыгерлерге жана медицина кызматкерлерине бейтаптар же алардын жакындарынын кол көтөргөндөр акыркы мезгилде көп катталганы, бул боюнча кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү темалары козголду.
Медицина кызматкерлеринин биричи зарылдыгы турак жайдын жеткиликтүүлүгү, айлык акыга ылайыкталган жеңилдетилген ипотекалык насыялар болуп саналат. Булардан тышкары дарыгерлерде көйгөйлөрү көп. Ооруканаларда, бейтапканаларда керектүү материалдар жетишпегендиктен, бейтаптардан өздөрүн сатып келүү талап кылынат.
Бюрократия, коркутуулар, айлыктын аздыгы кесипти кармап калууда кыйынчылыктарды жаратары айтылган.
Мына ушул тууралуу кеңири маек берген Кубат Исаев: «Менин же жакыдарымдын ден соолугунда көйгөйлөр жаралса башка мекендештерим сыяктуу бар мүлкүн сатып, башка өлкөгө дарылаганга кетпегидей медицина жеткиликтүү деңгээлдеги мамлекетте жашагым келет. Бир учурда медицина тармагында иштеп калдым. Акырындап бул тармак менен жакындан таанышып, дарыгерлер менен сүйлөштүм. Система жаңылануунуга, өзгөрүүгө муктаж экенин билдим. Көйгөйлөр көбөйүп чечилбегенде митинге чыгууга аргасыз болушту».
Коомчулук буга абдан кайдыгер. Медиктердин маселеси күн тартибинде эске алынбайт. Жөн гана көз жуумп коюшат.
«Митингден жыйынтык болгон жок. Болгону Саламаттыкты сактоо министрлигинен комиссия дайындалат, демейдегидей башын ийкеп, кайгысын бөлүшүп, тарап кетишет. Маселенин олуттуу экени, чечүү талап кылынары жазылган ачык каттан кийин депутат Аида Исмаилованын айткандары бизге карата бир гана реакция болду. Калгандарын ойлондуруп да койгон жок”,-деп сөзүн аяктады Кубат.
Добавить комментарий ×