Кыргызстанда чач тарачтар иштеп баштайт

29 апреля 2020 10:22 1413 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда чач тарачтар иштеп баштай турганын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Ал өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда иштей турган айрым ишкана-мекемелер кандай санитардык нормаларды көрүүсү керектигин түшүндүрүп берди.

Акматова чач тарачтар дагы санитардык-нормаларды сактоо менен иш алып барышы керектигин эскертти. Алар бардык жабдууларын атайын тазалап, санитайлерди колдонушу керектигин кошумчалады.

Эң башкысы кардалар алдын ала жазылуу менен келип, чачын тегиздетип кетиши керек. Чач тарачтын ичиндегилер социалдык аралыкты сактоосу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-chach-tarachtar-ishtep-bashtajt



Добавить комментарий