Кыргызстанда жардамды туура бөлүштүрүү үчүн жаңы платформа иштеп баштады
Кыргызстанда медициналык мекемелерге көрсөткөн ыктыярчылардын жардамын координациялоо үчүн birge.pro платформасы ишке кирди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Платформанын негизги максат – медициналык мекемелерге жардам көрсөтүү жана колдоо маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттерди максималдуу мобилизациялоо.
«Бүгүнкү күндө көптөгөн ыктыярчылар жана жөнөкөй жарандар медициналык мекемелерге жана медициналык кызматкерлерге жардам берип жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, координациянын жоктугунан улам жардам кайталанып, айрымдарына дээрлик жетпей да жатат. Ошондуктан «Бирге» платформасы ишке кирди», - деп билдирди штабтын өкүлү Эльдар Шабданов.
Анын айтымында, медиктер менен байланышта болгон ыктыярчылардын милдеттерин пландай турган сайтта тигил же бул ооруканага эмне жетишпей жаткандыгы тууралуу маалымат жайгаштырылат – жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш, медпрепараттар ж.б. Ар бир каалоочу билдирмени көрүп, аны аткарууга алса болот. Платформа билдирменин аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Өз кезегинде, КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адилет Абылов бул платформаны бирдиктүү мамлекеттик портал катары интеграциялоо пландалып жатканын кошумчалады, анда баарына жеткиликтүү боло турган бардык маалыматтык ресурстар жайгаштырылат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-birgepro-platformasy-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×