Кыргызстанда бир жумада 20 миң 581 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Анын ичинен 300дөн ашык мас айдоочулар кармалды

24 сентября 2018 15:05 867 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда бир жумада 20 миң 581 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Анын ичинен 300дөн ашык мас айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20 миң 581 жол эрежесин бузуу фактысынын ичинен 2 миң 226 адам автоунаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн кармалса, 337 айдоочу мас абалында колго түшкөн. Калгандары башка эрежелерди бузган.

Натыйжада бир жумада автоунаа айып короосуна киргизилген унаалардын саны миңден ашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bir-zhumada-20-mi-581-zhol-erezhesin-buzuu-faktysy-anyktaldy-anyn-ichinen-300dn-ashyk-mas-ajdoochular-karmaldy



Добавить комментарий