Кыргызстанда ар бир бешинчи нике ажырашуу менен аяктайт
Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүнө таянсак, Кыргызстандагы калктын жашыраак курагына ээ бөлүгүндө никеге тургандар көп.
Аялдар сыяктуу эле эркектер дагы 20-29 жашында турмуш курушат (жалпы катталгандардын 70% дан ашыгы).
2018-жылы 50 миңдин тегерегинде никеге туруу катталса, анын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын кыздарына баш кошкон кыргызстандык эркектер (жалпы сандын 96%ы). Никеге турган аялдардын жашы орточо 23,6 жаш, эркектерде – 27,2 жаш.
2018-жылы өзбек жарандыгы бар кыздарга 445, Россиянын жарандыгы бар кыздарга 311 кыргызстандык эркек баш кошкон. Ошол эле учурда Россиянын жарандарына 323, Казакстан менен Түркиянын жарандарына 87 кыргызстандык кыз баш байлаган.
Бирок, бардык эле нике бекем эмес. Тагыраагы, ар бир бешинчи нике бузулат. 2018-жылы айыл жерлеринде болжол менен 1000 адам никеге турса, алардын 140ы кайра ашырашкан. Шаар жеринде бул көрсөткүч эки эсеге көп.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-ar-bir-beshinchi-nike-azhyrashuu-menen-ayaktajt-semya-i-deti
Добавить комментарий ×