Кыргызстанда 9 айда жумушсуздардын саны 9,1 пайызга көбөйүп, экспорт 4,9 пайызга азайды
2018-жылы Кыргызстанда 9 айда жумушсуздардын саны 9,1 пайызга көбөйүп, экспорт 4,9 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.
“Бизде менчикти коргоо жакшы болбой жатат. Ошондуктан Кыргызстанда ишкерлер сырка чыгып кетип жатканы байкалууда. 9 айдын жыйынтыгы менен жумушсуздардын саны 9,1 пайызга көбөйүп жатат. Экспорт 4,9 пайызга азайып жатат. ЕАЭБдин ичинде соода жүргүзүү 3,5 пайызга азайган. Ошол эле учурда Кытайдан келген импортубуз 1,7 пайызга көбөйүптүр. Биздин өзүбүздүн өндүрүш болгону 25 пайыз болууда. Бүгүн соода фондунун көлөмү 2 миллиард сомго түшүп кетти. Ири стратегиялык долбоорлор болбосо экономика көтөрүлбөйт. Бүгүн бул маселенин үстүндө иштесбесек убакыт абадан азы калып жатат”, - деди Карашев.
Добавить комментарий ×