Кыргызстанда 9 айда 2,4 тоннадан ашык баңгизат табылды

22 октября 2021 12:56 1344 Barometr
Поделиться в:
ok

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматтын ыкчам бөлүктөрү тарабынан жыл башынан бери 2 тонна 402 килограмм 709 грамм баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор табылып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Мындай маалыматтар Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматтын аймактык жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн 2021-жылдын 9 айындагы ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу жыйында айтылды.

Өткөн жылдын ушул мезгилине караганда табылып алынган баңгизаттарынын көрсөткүчү жогорулаган белгиленди.

9 айда Кылмыштардын жана жосундарды бирдиктүү реестрине аталган кызматтын кызматкерлери 416 фактыны, анын ичинде 388 баңги кылмышы менен 28 жосунду катташкан.

Мындан тшкары аталган кызмат тарабынан 9 айда 7 кг 281 гр опийум, 6 кг 40 гр героин, 123 кг 799 гр каннабис (гашиш) табылып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-9-ajda-24-tonnadan-ashyk-bagizat-tabyldy



Добавить комментарий