Кыргызстанда 340 киши өмүр бою эркинен ажыратылган
Кыргызстандагы абак жайларды жалпысынан 9,6 миң киши отурат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүмду аткаруу жана атайын каттоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Термечиков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 340 киши өмүр бою кесилгендер. Андан сырткары түрмөдө 286 аял бар.
Ошондой эле, 400дөн ашык киши экстремизм үчүн соттолгон.
Термечиковдун айтымында, түзөтүү колонияларында 5 миң 300 киши, СИЗОдо 1600, ал эми жатак колонияда 2500 киши кармалып турат.
ЖАМК жетекчисинин орун басары Аскат Эгембердиев Бишкектеги №21 мекеме (СИЗО-1) Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылындагы СИЗО-50нүн аймагына көчүрүлө турганын белгиледи. Себеби, СИЗО-1 өткөн кылымдын 40-жылдары курулган. Шаарда дагы жашоочулар көбөйүп жатканын эске алуу менен мекемени көчүрүү чечими кабыл алынган.
Андан сырткары Бишкектеги №47 түзөтүү жайы да Молдовановка айылындагы №31 мекеменин аймагына алып барылат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-340-kishi-mr-boyu-erkinen-azhyratylgan
Добавить комментарий ×