Кыргызстан боюнча 223 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузду

28 марта 2020 10:39 1287 Barometr
Поделиться в:
ok

28-мартка карата Кыргызстанда коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө  223 жаран жеткирилди, 11 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 157, Ош шаары боюнча - 21, Жалал-Абад шаары - 20, Сузак району боюнча - 6, Кара-Суу районунда - 15, ал эми Ноокат району боюнча 4 жаран жеткирилди.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 784 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды.

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-223-zharan-komendanttyk-saattyn-talaptaryn-buzdu



Добавить комментарий