Кыргызстанда 2021-жылдын соңунда инфляция 10 пайызга жетет
Азия өнүгүү банкы 2021-жылы инфляциянын 10 пайызга чейин тездей турганын болжолдоодо. Бул тууралуу “Азиянын өнүгүү баяндамасын жаңылоо-2021” деген отчетто айтылганын “Барометр” маалымдайт.
Банктан билдиришкендей, азык-түлүккө карата баалардын инфляциясы жогору бойдон калат.Бул жеткирүүнүн жай калыбына келип жатышына байланыштуу болууда.
АӨБ 2021-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандагы операциялардын эсебинин дефицити Ички дүң өндүмдүн 4,6 пайызын түзгөнүн баса белгиледи.
Экспорт алтындн жана башка метталлдардын экспортунун төмөндөшүнөн улам 9,5 пайызга азайды.Унаа жана жабдууларды, кийим менен кум шекердин сатып алуунун жогорулашы импорттун 40,2 пайызга өсүшүнө алып келди.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-2021-zhyldyn-sounda-inflyaciya-10-pajyzga-zhetet
Добавить комментарий ×