Кыргызстанда 200гө жакын жаранга ката басылып чыккан паспорт берилген
Поделиться в:
Кыргызстанда 200гө жакын жаранга ката басылып чыккан паспорт берилген. Бул тууралуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы программалык камсыздоону орнотууда техникалык мүчүлүштүк орун алды. Анын натыйжасында 190 ID-карта каталар менен басылып калган. Бул документтер жарандардын колдоруна тапшырылгандан кийин гана белгилүү болду. Учурда мындай паспортторду алмаштыруу жүрүп жатат. Ал эми катачылыкка жол берген кызматкерлер жазаланды
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-200g-zhakyn-zharanga-kata-basylyp-chykkan-pasport-berilgen
Добавить комментарий ×