Кыргызстан Жеңиш майрамын кандай белгилеп жатат? (Сүрөт)
Бүгүн, 9-май Кыргызстанда Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы белгиленип жатат. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Кыргызстанда жыл сайын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери азайып бара жатат.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө согуштун ардагерлеринен 64 адам бар. Бир жыл мурда алардын саны 100дөй адамдын тегерегинде болчу.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
Ал эми, 9-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында митинг-реквием өтүп жатат.
Митингге «Өлбөс полк» жүрүшүнүн катышуучулары кошулушту. Жөө жүрүштүн жүрүшү Байтик Баатыр көчөсү менен Түштүк магистралынын кесилишиндеги Түштүк дарбазадан башталды.
Ошондой эле, Ош шаарында Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү өттү.
Жүрүш Баялинов көчөсүнөн Борбордук аянтка чейин болду.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган облус, шаар башчылары, жергиликтүү тургундар катышты.
Учурда шаардын борбордук аянтында митинг-реквием өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-zheish-majramyn-kandaj-belgilep-zhatat-srt
Добавить комментарий ×