Кыргызстан жаштарынын өнүгүүсүнүн индекси аныкталды

7 ноября 2018 14:00 1110 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Кыргызстан жаштарынын күнү 10-ноябрда белгиленет. Ага карата 12-13-ноябрда республикалык конгресс өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жана Каба уулу Комомкул атындагы спорт сарайда өтүп, ага жаш лидерлер катышат.
Конгресстин алкагында жаштардын мыкты долбоорлору менен демилгелери көпчүлүккө сунушталып, 2020-2030-жылдарга карата жаштар саясатынын концепциясы талкууланат. Андан сырткары, Кыргызстан жаштарынын өнүгүүсүнүн индекси көрсөтүлмөкчү.

Мындай иш-чаранын максаты мамлекеттеги жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштарды тартуу болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-zhashtarynyn-ngsnn-indeksi



Добавить комментарий