Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан богок оорусунан сак болуңуз
Йод жетишсиздигинен пайда болуучу оорулардын ичинен богок (зоб)оорусу жыл санап көбөйүп жатканын дарыгерлер айтып келишет. Бул ооруну убагында дарылоо зарылдыгын эскертүү менен бирге богоктун алдын алуунун жолдоруна жана анын пайда болуу себептерине токтолобуз.
Богок оорусу: йод – аба, суу, тамак-аш аркылуу калкан безине барып анын иштешин жөнгө салып туруучу маанилүү минерал. Негизинен калкан бези нормалдуу иштеп турганда Т-3, Т-4 деп аталган гормондорду бөлүп чыгарып организмдин зат алмашуусун, кан тамыр жана мээ системасынын иштешин, ошондой эле башка эндокриндик гормондордун ишин жөндөп турат. Богок калкан безинин ишинин бузулушу, тактап айтканда, йоддун жетишсиздигинен пайда болот. Мындан тышкары айрым учурларда кайсы бир дары-дармектердин дагы таасири тийиши мүмкүн. Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан cуулар мөңгүлөрдөн агып келет. Алар жер кыртышындагы йодду жууп кетет да, абада, сууда, жер-жемиштерде йоддун өлчөмү азаят. Дал ошол бийик тоолуу климаттык-географиялык шарт йоддун азайышына себеп болот.
Богок оорусунун белгилери
Эндемиялык богок. Богок оорусунда адамдын калкан бези жабыркайт. Аны аныкташ үчүн калкан безинин көлөмүн текшерүү зарыл. Ал УДИ (ультрадобуштук изилдөө) жолу менен аныкталат. Норма боюнча аял кишиники 18 см3ге чейин болсо, эркектердики 25 см3ге чейин болушу керек. Бул көрсөткүчтөрдөн жогору болсо, ал эндемиялык богок деп аталат.
Богок оорусунун алдын алууга болобу?
Тузду дайыма колдонобуз. Бирок бардыгы йоддолгон туз деп кепилдик берүү кыйын. Андыктан йоддолгон туздарды пайдаланууга аракеттениш керек. Туздун курамындагы йод учуп кетпеши үчүн тузду жабык идиштерде сактап, тамак бышарга 10-15 мүнөт калганда гана кошуу керек. Айрымдар богоктун алдын алуу максатында йод кошулмасы бар дарыларды ичишет. Бул таптакыр туура эмес. Мүмкүн, ал адамга йод караманча кереги жок. Дарыны анализдердин жыйынтыгын изилдегенден кийин зарыл болгон учурда гана дарыгер сунуш кыла алат. Муну эстен чыгарбоо керек. Андан тышкары деңиз азыктарынын курамында йод көп болгондуктан деңиз азыктарын, балыкты көбүрөөк колдонууга аракеттенишибиз керек
Оору күчөп кеткенде кандай зыян алып келиши мүмкүн?
Жүрөк-кан тамыр ооруларына, аялзатынын репродуктивдүүлүгүнө, эс тутумдун начарлашына жана бардык органдарга терс таасирин тийгизет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-tooluu-ajmak-bolgonduktan-bogok-oorusunan-sak-boluuz
Добавить комментарий ×