Кыргыз парламенти Швециянын парламенти менен терең кызматташат

29 января 2020 14:50 954 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Швеция Королдугунун парламенти Ригсдагдын төрагасынын биринчи орун басары Аса Линдестам менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.  

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери көтөрүлүп, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Жумабеков бул иш сапар эки өлкө ортосундагы байланыштарды жигердүү улантууга өбөлгө болорун белгиледи.

“Парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкө катары Кыргызстан бардык Европа өлкөлөрү, айрыкча багытыбыз бир саналган Швеция мамлекети менен тыгыз кызматташтыкты калыптандырууга кызыкдар. Андыктан, бул иш сапарыңыз мындан аркы алакаларыбыздын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошот деген ишеничтемин”,– деди. 

Ошондой эле, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан парламенттик-демократиялык багыттагы айрым жаңыланууларга токтолду.

“Биздеги эң негизги максат адам укугу бекем корголуп, мыйзам үстөмдүгү орногон демократиялуу мамлекетти куруу. Албетте акыркы он жыл аралыгында ачык, эркин коомду калыптандырууга өзгөчө басым жасалып, парламенттик-демократиянын шартында бир катар реформалар жүргүзүлүүдө. Бирок бул чек эмес. Биз бул жаатта тажрыйбасы мол Швеция өңдүү мамлекеттер менен жакындан иш алып барууну көздөйбүз”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Ригсдагдын төрагасынын биринчи орун басары Аса Линдестам жылуу кабыл алгандыгы үчүн Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, бул иш сапары жемиштүү болоруна ишеним артарын кошумчалады. 

“Кыргызстан Швеция Королдугу үчүн Борбор Азиядагы эң маанилүү өлкө. Эки мамлекетти парламенттик-демократияны өнүктүрүү жаатындагы максаттар бириктирип турат. Бул багытта 100 жылдык тажрыйбага ээ Швеция Кыргызстан менен ар тараптуу алакаларды кеңейтүүгө кызыкдар”, – деди. 

Андан сырткары, Аса Линдестам айым да Швеция Королдугунун парламенти Ригсдагдын ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгына токтолду. 

Эскерте кетсек, Швеция Королдугунун парламенти Ригсдагдын төрагасынын биринчи орун басары Аса Линдестам Бишкекке иш сапары менен келген. Сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-shveciya-koroldugu-chn-borbor-aziyadagy-e-maanil-lk



Добавить комментарий