“Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлери Бакай-Ата районундагы шайлоочулары менен жолугушту

7 сентября 2020 19:48 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 7-сентябрда “Кыргызстан” саясий партиясы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкерлери жана партиянын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы штабынын жетекчилери аталган райондогу шайлоочулар менен жолугушту.

Талапкерлер эл менен жолугушуп, партиянын жаңы программасын элге тааныштырып жатып, ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосун камсыздоо партиянын приоритети экенин айтышты.

Андан сырткары алар жолугушууда көптөгөн маселелерди чечүү жолдору партиянын программасында бар экенин баса белгилешти. Ошондой эле партиянын катарындагы күчтүү, эл арасынан суурулуп чыккан, элдин көйгөйүн жакшы билген, тажрыйбалуу, духу күчтүү, прогрессивдүү жана жаратман лидерлер элдин ал-акыбалын сурап, талабын талашканга даярдыгын билдиришти.

Жолугушунун жүрүшүндө шайлоочулар социалдык төлөмдөр боюнча маселе көтөрүштү. Алар көп жыл эмгектенип, бирок эмгектери жетишээрлик бааланбай жатышканын айтып, пенсия, жөлөк пул жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн аздыгын белгилешип, жогорулатуу талабын коюшту.

Бул боюнча талапкердин айтымында, буга чейин “Кыргызстан” партиясы социалдык төлөмдөр боюнча парламентте бир топ маселелерди көтөрүп чыгып, анын оң жакка чечилүүсүнө өз салымын кошуп келген. Кудай колдоп, элдин элегинен өтүп, партия парламентке келген күндөн тартып, элдин маселесин чечип берүүгө аракеттин жумшайт.

Ал эми жергиликтүү тургундар “Кыргызстан” партиясынын жаратман лидерлеринен көптү үмүттөнөөрүн айтып, партияны колдоорун билдиришип, ийгилик каалашты.


“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр көчөсү  4а


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-sayasij-partiyasynyn-talapkerleri-bakaj-ata-rajonundagy-shajloochulary-menen-zholugushtu



Добавить комментарий