Кыргызстан санариптик технологияны колдонууда региондо алдыңкы орунга чыгууга умтулат

31 января 2020 19:12 1449 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарына болгон иш сапарынын алкагында Amazon Web Services компаниясынын өкмөттүк трансфрмация боюнча директору Лиам Максвелл менен жолукту.

Абылгазиев өз кезегинде Amazon Web Services компаниясынын ишмердиги акыркы он жылда экономикада болгон глобалдык өзгөрүүлөрдүн үлгүсү экенин айтты.

«Биздин мамлекет санариптик технологияны колдонуу жана аны экспорттоо боюнча аймакта лидерликке чыгуу боюнча амбициялык максаттарды койду. Санариптик өнүгүү Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, экономиканын өсүшүн жана жарандардын турмушунун оңолушуна мүмкүндүк берерт деп ишенебиз. Андыктан биз алдыңкы компаниялар менен кызматташууга кызыкдарбыз”, — деди ал.

Абылгазиев андан сырткары Кыргызстан электрондук сооданы өнүктүрүү жаатында кызматташууга дилгир экенин кошумчалады.

Amazon Web Services компаниясынын өкмөттүк трансфрмация боюнча директору Лиам Максвелл артыкчылык берилген багыттар боюнча кыргыз тарап менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканына ыраазычылыгын билдирди.

Андан сырткары өнөктөштүктү өнүктүрүү, адистерди окутуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-sanariptik-tehnologiyany-koldonuuda-regiondo-aldyky-orunga-chyguuga-umtulat



Добавить комментарий