“Кыргызстан” партиясы съезд өткөрүп, тизмелерин тактады

20 августа 2020 16:26 4939 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кыргызстан” партиясы съезд өткөрүп, тизмелерин тактады. Бул тууралуу партиянынын штабына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 19-августта “Кыргызстан” саясий партиясынын кезексиз VII съездди өтүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси аныкталды.

Жыйындын башында партия лидери Канат Исаев сөз сүйлөрдөн мурун пандемиянын курмандыктары эскерип, бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.

Исаев андан ары партиянын акыркы беш жыл ичинде аткарган иштери, жетишилген ийгиликтери жана өткөн шайлоодо шайлоочуларга берген убалардын аткарылышы боюнча маалымат берди.

“Кыргызстан” саясий партиясынын “Эл үчүн” программаны сунуш кылат. Ал программада турмуштун эң маанилүү тармактары жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары камтылган”, –  деди Исаев.

Ошондой эле Исаев VI чакырылыш менен Жогорку Кеңешке келген партиялардын ичинен “Кыргызстан” саясий партиясы гана туруктуу, биримдиктүү жана ынтымактуу кайра жаңы дем менен парламенттик шайлоого аттанып жатканын баса белгиледи.  

Съезддин ишине парламенттин депутаттары, партиянын жана саясий кеңештин активдүү мүчөлөрү, бүткүл аймактардан келген делегаттар, жаштар канатынын активисттери катышты.

Жыйынынын жүрүшүндө партиянын атынан парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин тизмеси аныкталып, алдынкы он талапкердин аттары аталды. Шайлоого партияны “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев баштап барат.

Съезддин акырында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырган соң, партиянын Гимни жаңырды. Ошондой эле партиянын мүчөлөрү 120 уук боз үй тигишти.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-partiyasy-sezd-tkrp-tizmelerin-taktady



Добавить комментарий