“Кыргызстан” партиясы: Биздин мигранттар – биздин инвесторлор!
Ар бир эмгек мигранттын акысыз кесиптик билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, жогорку айлык алуусуна жардам беребиз. Мындай пикирин “Кыргызстан” партиясынын платформасын коомчулукка тааныштыруу учурунда партиянын лидери Канатбек Исаев билдирди.
Анын айтымында, Россияда жүргөн жүз миңдеген мекендештердин ар бири кесипке ээ болсо, чоң компанияларда, ири өнөр жай, финансы жана банк тармактарындагы жоопкерчиликтүү жумуштарды аткарып, жогору эмгек акы алуусуна шарт түзүлөт.
“Биз бул үчүн өлкөнүн бардык аймактарында акысыз кесиптик билим алууга шарттарды түзүп, мүмкүнчүлүк беребиз. Керек болсо, алган билимдери Россиянын талаптарына дал келүүсү үчүн дипломдук иштерди коргоого жана сынактарга россиялык адистерди чакырып, комиссияга мүчө кылуубуз керек”, – деди Исаев.
Ошондой эле партия лидери Россияда эмгектенип жаткан кыргыз жарандарына юридикалык жана социалдык маселелерде жардам бере турган мыйзамдар менен программалар кабыл алынарын айтты.
Канатбек Исаев ошондой эле айрым мамлекеттер менен кош жарандык боюнча келишим түзүүгө умтуларын айтты. Партия лидери белгилегендей, бул башка өлкөнүн жарандыгына ээ болгон кыргызстандыктардын өз саясий укуктарынан айрылбай мамлекеттик кызматтарда эмгектенүүсүнө жол ачат.
“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-partiyasy-bizdin-migranttar-bizdin-investorlor
Добавить комментарий ×