Кыргызстан Олимпиада оюндарында 206 өлкөнүн ичинен 70-орунду алды

9 августа 2021 09:57 1050 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын курама командасы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында медалдык зачет боюнча 70-орунду алды.Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Япониядагы мелдештер 21-июлдан 8-августтка чейин өттү. Баардыгы болуп 339 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандыктар 3-медаль - 2 күмүш, 1 алтын утушту. Анын натыйжасында Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлдеди.

Биринчи орунга 113 медаль - 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло медаль менен АКШ чыкты.Экинчи орунду 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло-жалпысынан 88 медаль алып Кытай ээледи. Япония 58 медаль алган болсо, анын 27си алтын, 14ү күмүш, 17си коло болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-olimpiada-oyundarynda-206-lknn-ichinen-70-orundu-aldy



Добавить комментарий