Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен жеңип алды

11 июня 2021 15:06 4777 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-июнда Осака шаарында болуп өткөн Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде Кыргызстан 8:1 эсебинде жеңишке жетти.

Оюндун биринчи жарымында биздин футболчулар атаандашына жоопсуз беш гол киргизишти. Экинчи таймда кыргызстандыктардын эки голунан кийин атаандаш бир гол киргизе алды.

Оюндун 24-мүнөтүндө Мьянма оюнчусу Йан Наинг (Yan Naing) орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып беттештен чыгарылган.

Чабуулчу Эрнист Батырканов кыргыз элинин дарбазасынын тозду.

Эскерте кетсек, бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну. Аталган командалардын 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-myanmany-iri-esep-menen-zheip-aldy



Добавить комментарий