Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Ош шаарында тар чөйрөдө жолугушту

18 декабря 2018 15:20 846 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында тар чөйрөдө жолугушту.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Анда эки жактуу кызматташтыктын азыркы абалы жана башка актуалдуу темалар кеп болду. Премьер-министрлер ошондой эле чек арадагы кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда Ош шаарында өтөт. Анда эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сөз болот. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-zbekstandyn-kmt-bashchylary-osh-shaarynda-tar-chjrd-zholugushtu



Добавить комментарий