Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон чатак тынчыды
Поделиться в:
Кыргызстандын Баткен областынын Аксай айылынын тургундары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосундагы чатак жөнгө салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Чатактын келип чыгышына Аксай-Тамдык айланма жолунун курулушу себеп болгон.
70тей тажик жараны жана 50дөй кыргызстандыктар бири-бирине таш ыргытышкан.
Окуя болгон жерге барган кыргыз жана тажик чек арачылары чатакты тынчтандырышты.
“Учурда кырдаал көзөмөлдө. Калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”,-деп кабарлашты ведомстводон.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-tazhikstandyn-chek-arasynda-bolgon-chatak-tynchydy
Добавить комментарий ×