Кыргызстан кээ бир аймактарында кар жаайт

30 сентября 2019 10:26 1818 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

30-сентябрда Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°, Чүй облусунун тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 7…12°, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 15…20°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-kee-bir-ajmaktarynda-kar-zhaajt



Добавить комментарий