Кыргызстан казактардын бензининен куру жалак калышы мүмкүн

22 мая 2019 14:52 2863 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы берген маалыматка таянсак, Кыргызстан казактардын бензининен куру жалак калышы мүмкүн. Алар майды башка рынокторго сатышы ыктымал.

Маалыматта Кыргызстан менен Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда пошлинасыз күйүүчү майды ташуу боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр дагы эле аягына чыга электиги белгиленип, Кыргызстандын рыногу казак бензинин алып келүүгө пландалып жаткан биринчи рыноктордун катарында болуп келгендиги айтылат.

«Биздин өкмөт менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн убагында казак тарап ЕАЭБ чегинен тышкары - Өзбекстан, Таджикистан, Афганистанга нефтепродуктыларды экспорттоо тууралуу маселени макулдашууга жетишишти. Ошондуктан Кыргызстан казак бензининен куру жалак калышы мүмкүн», — деп белгиленет КНА билдирүүсүндө.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-kazaktardyn-benzininen-kuru-zhalak-kalyshy-mmkn



Добавить комментарий