Шаршенбек Абдыкеримов “Кыргызстан” партиясын күздөгү шайлоодо жетектеп барабы?

20 мая 2020 16:15 4363 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков 6-чакырылыштагы парламенттин иштөө мөөнөтү аз калганда Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаев эмнеге жаңы депутат болуп келгенин түшүндүрүп берди.

Ал “Парламентаризм сабактары” берүүсүндө Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун суроолоруна жооп берген.

Баатырбеков жаңы депутаттардын келиши ар бир саясий күчтүн арасындагы кадыресе процесс экенин айтат. Ал ошондой эле, мурдагы депутаттар — Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев аймактарда шайлоолорго даярдык көрөбүз деп өз ыктыяры менен кеткенин кошумчалады.
“Эргешов өкүл катары Аксы жеринде жакшы иш алып барды, ал эмки шайлоого даярдык көрүшүм керек деп кетти. Ага аз убакыт калды. Жеринде барып эл менен иш алып барам дегендерди күчкө салып кармабайбыз да. Ошол максатта тизмедеги кийинки депутаттар келип жатат. Коомчулукка “Шаршенбек Абдыкеримов келем дептир, анан орун бошотуп бериптир” деген ойду таңуулап койдук. Жаныбек Исаев дагы Чүйдө иш алып барып, даярдык көрүшүм керек деди. Кармаган жокпуз”, — деди Баатырбеков.


Ал ошондой эле, “Кыргызстан” партиясын кийинки шайлоого ким жетектеп барат — .  Шаршенбек Абдыкеримовбу, же төрага Дастан Жумабековбу, же фракция лидери катары сизби, же партия лидери Канат Исаевби деген суроого жооп берди.

“Жетекчи, юридикалык жактан съездде шайланган Канат Исаев. Ал  партиянын лидери катары жетектеп барат. Сиз айткан Дастан Жумабеков, Шаршенбек Абдыкеримов, мен партиянын мүчөсү катары чогуу иш алып барабыз. Жетектейт десе эле ошол башкарып калгандары сыртка чыгып калат деген болбош керек. Биз бир команда катары иш алып барабыз”, — деди ал.

Шайлоодо партиянын каржылоо жагы ар бир мүчөнүн иш алып барган жерине жараша болорун, ошол эле учурда мүчөлөрү ортого акча чыгарарын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-frakciyasynyn-bashchysy-almazbek-baatyrbekov-sharshenbek-abdykerimov-emnege-deputat-bolgonun-tshndrp-berdi



Добавить комментарий