Кыргызстан бир катар азыктары жарнамалоого тыюу салышы мүмкүн
Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети жарнама тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Депутат Евгения Строкова билдиргендей, документ балдардын туура тамактануу укугун коргоого жана туздун, кум шекердин жана майлардын кошулмасы көп пайдасыз тамак-аштарды маркетингде чектөөгө алуу үчүн иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, Кыргызстан тузду колдонуу боюнча дүйнөдө эң жогорку орундардын бирин ээлейт. Негизинен туз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган деңгээлден 2,5 эсеге көп колдонулат.
Бул мыйзамда кум шекер, туз жана майлуулугу жогору турган азыктарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт залдары, стадиондор жана аларга 100 метр радиуста жакын жайгашкан аралыктарда жарнамалоого тыюу салуу каралган.
Мыйзамдын демилгечилери- Евгения Строкова, Альфия Самигуллина, Аида Касымалиева жана башкалар.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-bir-katar-azyktary-zharnamaloogo-tyyuu-salyshy-mmkn
Добавить комментарий ×