Кыргызгидромет: Кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн

6 сентября 2019 14:38 2021 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

9-10-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 11-12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzgidromet-kee-bir-rajondordo-kar-zhaashy-mmkn



Добавить комментарий