Кыргызгидромет: Дем алыш күндѳрдѳгү тоолуу аймактарда кар жаайт

23 сентября 2019 14:26 572 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

25-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт.

26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда жана 28-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. 28-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлүүдѳ. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-сентябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzgidromet-dem-alysh-kndrdg-tooluu-ajmaktarda-kar-zhaajt



Добавить комментарий