Кыргызга жээн болот. Казакстандык блогер Баткенде жабыркагандарга 1 млн теңге которду

21 сентября 2022 16:11 3917 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандык белгилүү блогер Нурбек Нуртаза Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга 1 миллион теңге которду. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Нурбек Нуртазанын апасы кыргыз кызы экен.

"Биз буга чейин, соцтармак аркылуу Баткенде жабыркагандарга кандай жардам берсек деп сурамжылоо кылганбыз. Менин катталуучуларым каражат топтоп жаткан ыктыярчылардын реквизиттерин беришти. Мен үй-бүлөмдүн атынан 1 000 000 теңге жардам катары котором. Бизге тынчтык үчүн.

Ошондой эле менин апам кыргыз кызы. Апам Кыргызстандын Ош облусунун Өзгөн районунан болот. Бала кезимде Өзгөнгө барып турчумун", -деп жазды.

Эске сала кетсек, 14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон.

 Бирок, 16-сентябрдын таңында тажик тарап Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. 

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.

17-сентябрда тажиктер Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.

Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен. 

Тажиктердин куралдуу кол салуусунан Кыргызстандын 59 жараны каза болду. Алардын басымдуу бөлүгү аскер адамдары. 198 адам ар кандай жаракаттарды алган. 


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzga-zheen-bolot-kazakstandyk-bloger-batkende-zhabyrkagandarga-1mln-tege-kotordu



Добавить комментарий