Кыргыздын нукура азыктарынан жасалган ар кандай маскалар өтө пайдалуу

20 декабря 2022 11:45 3185 Barometr
Поделиться в:
ok

Катуу суукта нукура азыктардан жасалган маскалар беттин терисине абдан пайдалуу экенин адистер эскертет. Кометологдордун кеңештерине шилтеме берип нукура азыктардан жасалчу маскалардын түрлөрүн "Барометр" сунуштайт.

Айран

Айран чачты бекем кылат жана жалтыратат. Беттин терисин азыктандырып, нымдаштырат жана бырыштар менен активдүү күрөшөт. Айранды Германияда азыктандыруучу бет майлардын курамына кошушат. Жумасына бир жолу чачты шампунь менен жуурдан мурда бир стакан айран сүйкөсөңүз, чачыңыз көп түшпөй, кургап кетпейт. Бетке да жумасына бир жолу 50 мл айран менен 1 жумуртканын сарысын аралаштырып сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп салсаңыз, териңиз жылмакай болуп, азыктанат.

Сүзмө

Сүзмө бетти күн нурунун терс таасиринен сактайт. Илгери апалар жерге көмүлгөн сүзмө менен бетине маска жасашкан. Ал беттен күндүн табын алуу менен бирге бетти агартат. Бул үчүн бир ууч сүзмөнү чүпүрөккө ороп, эртең менен дарактын түбүн 30-40 см казып, ошол жерге көмүп коёсуз. Күндүн аптабына күйүп, бетиңиз ысып келгенде көмүлгөн сүзмөнү казып алып бетиңизге калың кылып маска жабасыз. 10 мүнөттөн кийин колуңузду суулап бетиңиздеги сүзмөнү аарчысаңыз, аны менен кошо чаңдар да чыгат. Беттеги тактардан арылуу үчүн сүзмөгө майда тууралган укропту кошуп маска жасаса болот.

Талкан

Талкандан жасалган маска терини тазалайт, беттин өңүн ачат жана керектүү заттар, минералдар менен азыктандырат. Ошондой эле безеткилерди жок кылат. Ал үчүн бирдей өлчөмдөгү талкан менен жашыл ылайды аралаштырып, ага бир аз суу, бир нече тамчы розмаринден кошуп бетке сүйкөйсүз. 8-12 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп саласыз.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzdyn-nukura-azyktarynan-zhasalgan-ar-kandaj-maskalar-t-pajdaluu-dep-tabyldy



Добавить комментарий