Кыздардын жүрөгүнө чок салган кыргыздын киножылдыздары. Сүрөт, тизме
Кыргызстандын театр жана кино тармагында бир катар актёр актрисалар роль жаратып келет. Буга чейин сайт кыргыздын эң сулуу актриса кыздары менен тааныштырса, эми Barometr.kg редакциясы элдин сүймөнчүлүгүнө айланган, жараткан ролдору көмүскөдө калбаган актёр жигиттерди тизмектеди.
Амантур Мусаев
Амантур Мусаев театр жана кино актёру. Ал жараткан ар бир роль өз күйөрмандарын таап келет. Актёрду “Көргүм келем” көркөм тасмасы коомчулукка таанытып, кыздардын сүймөнчүлүгунө айланткан.
Болотбек Тилек
Болотбек Тилек да кино жана театрдын актёру. Анын “Салам Бишкек” “Түндүктүк келин” кинокомедияларында “Акшоола” телесериалында жараткан ролдору ийгиликтүү болгон. Болотбек Тилек өзүнө берилген кандай роль болсо да чыгармачылыгы жана профессионалдуулугу менен жогорку деңгээлде аткарып келет.
Сапар Сайназаров
Бул актёр да “Салам Бишкек” кинокомедиясында жараткан ролунан кийин тааныла баштаган. Актёр учурда өз кесибин ийгиликтүу улантууда. Ал белгилүү ырчылардын клиптеринде да роль жаратып келет.
Канат Абдырахманов
Канат Абдырахманов кесиби боюнча журналист. Ал Жеки Чандын “Меч дракона” тасмасына тартылган. Коомчулукта актёрду кумир туткан кыздар ондоп саналат.
Нурбек Савитахунов
Нурбек Савитахунов актёр жана ырчы. Ал “Общага” кыргыз сериалынан кийин элге тааныла баштаган. Бирок бул таланттуу жигит акыркы учурларда сахнадан бир топ алыстап кеткен.
Самат Эркинбеков жана Кубаныч Курманбеков
Бул жигиттер Тамашоунун сахнасынан чыккан актёрлор. Алардын жакында чыккан “Жер тоголок” кино тасмасы чоң популярдуулукка алып келди.Ага кошумча жаш актёрлорду көпчулүк “Гуля менен Жора” жуптугунан да жакшы таанышат. Самат аялдын образына Кубаныч улуу кишилердей болуп кийинишип алып кыска тасмалары менен элдин жүзүнө күлкү тартуулап келет.
Жеңиш Майрамбек уулу
Жеңиш Майрамбек уулу өзүнүн комик ролдору менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган. Жеңиш Майрамбек уулу аткарган кандай роль болбосун өз кесибинин профессионалы экенин далилдеп келет.
Кыргыздын маданият, кино тармагы бүгүнкү күндө да зор өнүгүү жолунда. Жогоруда эл сүймөнчүлүгүнө айланган, кары жашы дебей баалаган актёр жигиттердин аттары аталды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzdyn-kyzdardyn-zhrgn-chok-salgan-aktyor-zhigitteri-srt-tizme
Добавить комментарий ×