Кыргыздын кыраандарынын Айгүлдөрү

8 августа 2018 01:02 2519 Barometr
Поделиться в:
ok

Айгүл деген кыргыз кызына таандык ысым. Barometr кыргызга бел болгон үч уулунун жубайлары аттары окшош Айгүлдөр экенин тизмектеди.

“Ханды хан кылган да аял, жакшы ханды кул кылган да аял” деген мааниси терең сөз бар. Бул миңдеген жылдык адамзатынын тарыхындагы тажырыйбадан кийин акылмандар тарабынан айтылган ой болсо керек. Кызыгы Кыргыз саясатындагы үч кыраандын жубайларынын аты Айгүл экен.

Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Жээнбекова жолдошу президенттик тактыга келгенден кийин коомчулукта биринчи канайым катары таанылды. Ага чейин ал тууралуу көп маалыматтар белгисиз болчу.

Ал эми камактагы белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеваны Кыргыз коомчулугу жакшы таанып билишет. Түбөлүк оппозициялык мүнөздөгү саясатчынын жубайын көпчүлүк өтө сабырдуу жана акылдуу аял катары тааныйт.

Ал эми камактагы дагы бир саясатчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева. Учурда жолдошу оор сыноолорду кечип жатканына карабай, Айгүл Асанбаеванын  маалымат каражаттары аркылуу  өз оюн дайым ачык айтып келгенин билебиз.

Албетте, Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында эмгеги бар, бүгун да калың журттун колдоосунда турган кыраандардын бул даражага жетишинде дал ушул Айгүл айымдардын эмгеги чоң.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzdyn-kyraandarynyn-ajgldr



Добавить комментарий