Кыргыз жарандарынын Кытай жарандары менен никеге турган учурулардын саны 60ка жеткен. Анын 44ү этникалык кыргыздар
2010-жылдан 2018-жылдар аралыгында Кыргызстандын 60 жараны Кытай жарандар менен баш кошушкан, алардын 44ү этникалык кыргыздар. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда МККнын төрагасы Алина Шаикова билдирди.
Шаикова:
"8 жылдын ичинде Кытайдын 60 жараны кыргыздар менен никеге турушту. Алардын 44ү Кыргызстанга көчүрүлүп келинген этникалык кыргыздар.", -деп билдирди.
Ага кошумча төраганынн айтымында бул жылдар аралыгында республика боюнча жалпысынан 17609 кыргыз жараны чет элдик жарандар менен никеге турган.
Ал эми премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев өз учурунда:
"Азыр коомчулукта 6000 кыргыз жарандары кытайлар менен никеге турду деп айтып жатышат, ал эми чындыгында алардын саны 60. Ага кошумча алар көпчүлүк учурда этникалык кыргыздар менен никеге туруп жаткандыгын унутпашыбыз керек", -деп кошумчалады.
Премьер-министр айткандай эгерде кыргыздар чет орус жарандары менен никеге турду десе, анда алардын көпчүлүгү Россиянын жарандыгын алгандар экенин унутпаш керек.
"Мындан кайгылуу окуя жасоонун керекги жок", -деп кошумчалады Абылгазиев.
Добавить комментарий ×