Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду

16 сентября 2020 10:31 567 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан менен Өзбекстандын  кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров менен Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.  

Эскерте кетүүчү жагдай, ушул жылдын 24-27-августунда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Коронавирус илдетинен жана башка себептерден улам кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши жайлап калганын айтышты.

Кыргыз делегациясынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев катышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-zbek-chek-arasyndagy-talashtuu-maseleler-boyuncha-eki-taraptuu-sjlshlr-boldu



Добавить комментарий