Кыргыз темир жолундагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголду
Кыргыз темир жолундагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголду. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкерлери айтып чыккан коррупциялык көрүнүштөр тастыкталды. Маалымдалгандай, Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады.
Ага ылайык, быйылкы жылдын башынан 30-апрелге чейин Россиянын бир катар шаарларына 67 поезд каттамдары ишке ашырылган. Анын алкагында 3 миңге жакын адам билетсиз отурган. Натыйжада мамлекеттик казнага чыгым 2 миллион 600 миң сомдон ашык акча келтирилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Белгилей кетсек, ишкананын вагон коштоочулары каттамдардагы коррупциялык көрүнүштөргө жол берилгенин айтып президентке кайрылышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-temir-zholundagy-korrupciyalyk-ishter-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu
Добавить комментарий ×