Кыргыз телесериялы "Акшоола" ютубда рекорд койду
Поделиться в:
Кыргыз телесериялын ютуб каналынан көрүүчүлөрдүн саны 1 миллиондон ашты. Бул тууралуу сериалдын башкы каарманы ырчы, актриса Самара Каримова өзүнүн фейсбук баракчасынан бөлүштү.
Сериалдын ютубка жүктөлгөнүнө аз убакыт өтпөй көрүүчүлөрдүн саны 1 миллиондон ашкан. "Акшоола сериалыбыз ютубда рекорд койду. Урааа" - деп жазды ырчы.
Эске салсак сериал КТРКдан 15-октябрдан баштап көрсөтүлө баштаган. Ал эми ютубка 22-октябрдан баштап жүктөлө баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-teleseriyaly-akshoola-yutubda-rekord-kojdu
Добавить комментарий ×