Кыргыз-тажик чек арасынан бир күндө эки жаран кармалды

17 июля 2018 23:00 1215 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 17-июлда Баткен облусундагы Баткен районунун Карабак айылындагы кыргыз-тажик чек арасынан КР жараны мыйзамсыз түрдө курулуш материалдарын өткөруп жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КР чек ара кызматынын басма сөзүнөн билдиришти. Жогоруда аталган жарандын жанында керектүү документтери жок болуп чыкты. Ошол эле күнү, ошол жерден дагы бир Кыргызстандын жараны 9 тонна цементти Тажикстандан контрабандалык жол менен киргизип келе жаткан жеринен кармалды. Кармалгандар айып пул төлөөгө жана ишти иликтөө үчүн жергиликтүү бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasynan-bir-knd-eki-zharan-karmaldy



Добавить комментарий