Кашкар Джунушалиев Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча Туркиянын министри менен телефон аркылуу сүйлөштү
2019-жылдын 25-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Туркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Туркия Республикасынын ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш-Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Туркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы эки тараптуу кызматташууларына жогору баа беришип, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары куч-аракеттерди жумшоолорун баса белгилешти. Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты. Кашкар Джунушалиев өлкөлөр ортосундагы көп жылдык достук мамиле Кыргызстан менен Туркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө менен профессионалдык карым-катнашын өнүктүрүүгө кызмат кылаарын билдирди.
Добавить комментарий ×