Сооронбай Жээнбеков 1 373 этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандыгын берди

30 августа 2019 11:02 588 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 6 Жарлыкка кол койду.

4 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1373 адам кабыл алынат (анын ичинен 1178 — чоң адамдар жана 195 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 638 адам (анын ичинен 532 — чоң адамдар жана 106 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-prezidenti-sooronbaj-zheenbekov-kyrgyz-respublikasynyn-zharandygyna-kabyl-aluu-zhana-kyrgyz-respublikasynyn-zharandygynan-chyguu-zhnnd-6-zharlykka-kol-kojdu



Добавить комментарий